Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча кеңешти салык кызматынын 1240 номери аркылуу Маалымат борборунан алууга болот.
Эскерте кетсек, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор 2019-жылдын 1-июлунан тартып иштеп жатат.
2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.
Мамлекеттик салык кызматы КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды жана экспорттоочуларды электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүү боюнча алдын ала даярданууга чакырат.
Кеңири маалыматты мындан тышкары www.sti.gov.kg сайтынан да алууга болот.