Контейнер мектепке канча акча каражаты коротулган?

04.09.2019, 12:38 Акчабар
Контейнер мектепке канча акча каражаты коротулган?

Нарын областынын Кеңеш айылында 2-сентябрь күнү 172 окуучуга жалпысынан алты контейнерден турган мобилдик мектеп ачылды. Мектептин ачылышына Нарын областынын губернатору А.Кайыпов, райондун акими ж.б. жергиликтүү бийликтегилердин катышканы белгилүү.  Окуучулардын буга чейинки билим алган мектептин эскилиги жеткендиктен, Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан авариялык абалда деген тыянак чыгарылган. 

Ошол себептен, ӨКМ тарабынан 2019-2020 окуу жылына убактылуу делип контейнерден мобилдик мектеп курулуп берилген. Салынган мектептин ичиндеги шартына окуучулар жана мугалимдер  окуу класстарынын ичи тар болуп жаткандыгын айтышып, күн сууктаганда жылуулук жагынан кабатыр болушууда. Мугалимдерге жеткен маалымат боюнча, өкмөт кышкысын контейнердин ичине меш салып берээри айтылган. 
 

Нарын областынын губернаторунун басма сөз катчысы мобилдик мектепте окууга тиешелүү бардык жабдыктардын бар экенин айтып, буга областтын бюджетинен эч кандай акча каражаты коротулбаганын, баардыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан салынгандыгын айтууда. 

«Бул мектеп  окуучулардын билими үзгүлтүккө учурап калбаш үчүн убактылуу курулду. Жалпысынан канча каражат кеткендиги тууралуу азырынча айтылбайт» деп билдирди ӨКМдин басма сөз катчысы. 

Мобилдик үй деп аталган бул мектеп – кадимки базардагы соодага ылайыкталган контейнерлерден салынганы талашсыз. Бир контейнердин баасы орточо эсеп менен 2,500 – 3000 $ (172,000 – 207, 000 сом)  түзөт. 

Тэги: Мобилдик үй Нарын Кеңеш айылы Контейнер мобильная школа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу