Быйыл январь-май айларында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында бюджетке 243,8 млн сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин экинчи этабын ишке ашырууга 900,0 млн. сом каралууда.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, подрядчы “Вега Оперейтинг Компани” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге 45,6 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.