Кыргызстан Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкынан Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананы кеңейтүү үчүн 27 млн доллар насыя алат. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Учурда инфекциялык оорукана 400 орунга гана ылайыкталып, калктын сапаттуу медициналык жардамга болгон муктаждыгын канааттандырбайт.
Насыя 40 жылга, жылдык 0,1% менен 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Макулдашууда Кыргызстанды биргелешип каржылоо – 1 млн 259 миң долларга жаңы филиал куруу жана коммуникацияларды орнотуу үчүн жер тилкесин алуу каралган. Мындан тышкары, бардык салыктар жана төлөмдөр республикалык бюджеттен төлөнөт.