Коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү

29.03.2024, 09:05 Акчабар
Коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү. 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейинки маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.

Сумма мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүп берүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине которулду.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында бюджетке 11 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн билдирген.

Тэги: коррупция Каржы министрлиги УКМК Камчыбек Ташиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу