Депутат: «Казак - кыргыз чек арасында мафиялык структура бар»

28.01.2020, 17:51 Акчабар
Депутат: «Казак - кыргыз чек арасында мафиялык структура бар»

Кыргызстандан чыккан товарларды Казакстандын чек арасынан өткөрүп, Орусияга жеткирип, Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна жеткирүү үчүн 500дөн 1000 долларга чейин төлөө керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев билдирди.

Анын айтымында, өтө турчу ар бир товардын өз баасы бар.

Эл өкүлү өз сөзүндө Казакстандын чек арасында мафиялык түзүм пайда болгонун, ал жерде Казакстандын Салык жана Чек ара кызматтарынын кызматкерлери кыргызстандык ишкерлердин товарларын өткөрбөй, кыйнап жаткандыгын айтып, бул маселе Казакстандын бийлиги тарабынан жөнгө салунуусу зарыл экендиги тууралуу өтүнүчү менен президентке кайрылды.

Депутаттын айтымында мындай абал Казакстан менен чектеш жерде гана бар, ал эми Өзбекстандын чек арасында мындай кырдаал байкалбайт.

«Эгерде Казакстан кырдаалды өзгөртпөсө, биз аны ЕАЭБдин курамынан чыгарууну суранууга укугубуз бар»,-деи депутат.

Тэги: КР Депутат Азамат Арапбаев кыргыз-казак чек ара мафия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу