Кош салыкты жоюу боюнча дагы бир келишимге кол коюлду

25.04.2024, 09:00 Акчабар
Кош салыкты жоюу боюнча дагы бир келишимге кол коюлду

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашууга кол коюлду. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстан, анын ичинде Азербайжан дагы 37 мамлекет менен кош салык салуудан качуу боюнча келишимдерди түздү.

Макулдашуунун негизги максаты - ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу.

Белгилеп кетсек, кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуулар да республиканын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат.

Мындан тышкары, макулдашуулардын негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка Келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууну же келишимдердин жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо, ошондой эле келишим түзгөн мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу болуп саналат. 

Тэги: новости Кыргызстана двойное налогообложение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу