23-августта Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 393 кыргызстандык учуп келди, арасында 24 жаш бала бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Учурда Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.