Кыргызстанда медициналык беткапты өндүрүү пландалып жатат

06.03.2020, 14:20 Акчабар
Кыргызстанда медициналык беткапты өндүрүү пландалып жатат

Кыргызстанда медициналык беткапты өндүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Исаковдун айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы өлкөдөн 1,5 млн даана беткапты чыгаруу боюнча фактыны аныктаган. Учурда аны конфискация кылуу иштери жүрүүдө, кийин медициналык мекемелерге жиберилет.

«Учурда беткаптарды өндүрүү боюнча жабдууларды өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - дейт Исаков.

Ал белгилегендей, учурда саламаттык сактоо уюмдарында 468 миң 176 беткап бар.

Тэги: Кыргызстан медициналык беткап өндүрүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу