Кыргызстанга Россиядан 533  жаран келди

07.07.2020, 10:15 Акчабар
Кыргызстанга Россиядан 533  жаран келди

533 КР жаранынан турган колоннанын экинчи партиясы келди. Ошентип, Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан мекенине жалпы 1496 жаран, КР Өкмөтү бөлүп берген 32 автобус менен кайтып келишти.



Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында, Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

КР ТИМ эскертет, коронавирус пандемиясынын жайылышына байланышкан кырдаалга байланыштуу, Казахстандын аймагына чет элдик жарандардын кирүүсү чектелген.

Россиянын аймагындагы КР жарандарын, Россия менен Казахстандын мамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.

Тэги: КР жараны колонна экинчи партия Россия Федерациясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу