КР KOICA менен биргеликте 48 млн долларлык 10 долбоорду ишке ашырат

07.10.2022, 14:50 Акчабар
КР KOICA менен биргеликте 48 млн долларлык 10 долбоорду ишке ашырат

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев KOICA президенти Сон Хюк Санг менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар учурда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттык сактоо жана аймактарды өнүктүрүү өңдүү тармактарда жалпы суммасы 48 миллион доллардан ашык ишке ашырылып жаткан 10 долбоор, адам ресурстарын өнүктүрүү программасы жана волонтердук программа боюнча пикир алышты.

"KOICAнын президенти Сон Хюк Санг өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп белгилейт Экономика министрлиги.

Өз кезегинде министр Данияр Амангелдиев корей тарапты KOICAнын кыргыз тараптан контр-өнөктөшү катары KOICAнын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин толук кандуу иштеши үчүн ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Тэги: новости Кыргызстана KOICA экономика 2022

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу