Кыргызстан COVID-19 илдетин аныктоочу 30 миң 400 ПЧР тест-системасын сатып алды

09.04.2020, 09:45 Акчабар
Кыргызстан COVID-19 илдетин аныктоочу 30 миң 400 ПЧР тест-системасын сатып алды

Кыргызстан 30 миң 400 ПЧР тест-системасын реагенттери менен сатылып алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Тест-системалар Ислам Өнүктүрүү Банкына караштуу «Fael Khair Program» фонду аркылуу гранттык каражаттарга сатып алынган.

«КР Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусу боюнча жана КР Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен аталган банк тарабынан 350 миӊ доллар суммасында гранттык каражаттар бөлүнгөн. 8-апрель күнү Кыргызстандын Сауд Арабиядагы жана Түркиядагы элчиликтеринин логистикалык жардамы менен өлкөгө ПЧР тест-системалар реагенттери менен кошо алынып келди», - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн жардамы үчүн Ислам Өнүктүрүү Банкына караштуу «Fael Khair Program» фондуна жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине ыраазычылык билдирет.

 

Тэги: Кыргызстан COVID-19 тест-система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу