Кыргызстан катаал табигый-климаттык шарттарда, бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тургундарына электр энергия үчүн 50% компенсацияга 180 млн сомдой каражат бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Компенсация алууга укугу бар абоненттердин тизмеси райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары тарабынан түзүлөт жана тизме ай сайын киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жаңыланып турат.
Каржы министрлиги квартал сайын райондордон жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн арыздардын негизинде каржылоону камсыз кылат, алар өз кезегинде которулган каражаттарды өз алдынча бөлүштүрүшөт.