Кыргызстан Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда

11.10.2021, 16:30 Акчабар
Кыргызстан Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Дубайда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк "Экспо - 2020" көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 30-сентябрда башталган, ага 180ден ашуун өлкө жана эл аралык уюмдар катышууда. Көргөзмө "Акыл-эсти бириктирүү аркылуу жаркын келечек курабыз" чакырыгы астында өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын павильону 6 ай бою көчмөн жашоо үлгүсүнө негизделген кыргыз элинин маданиятын, салт-санасын тартуулаган экспозицияны сунуштамакчы. Көрүүчүлөр үчүн виртуалдык турга чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Мындан тышкары, экспозиция видео жана маалыматтык материалдарды көрсөтүү аркылуу туризмди жана анын бардык түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт. Ошондой эле стендде кургакчыл аймактарды сугат менен камсыздоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери жана алардын продукциялары сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

 

Тэги: экспо Дубаи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу