Кыргызстандагы кредиттик портфелдин көлөмү 146 млрд сомду түзгөн

27.01.2020, 09:08 Акчабар
Кыргызстандагы кредиттик портфелдин көлөмү 146 млрд сомду түзгөн

«2019-жылы баалар орточо алганда 1,1 пайызга, инфляция жылдык мааниде (2019-декабрь/2018-декабрь) 3,1 пайызга өскөн, алмашуу курсу жыл ичинде 0,3 пайызга төмөндөп, 69,6439 сомду түзгөн», — деп белгиледи Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. 

Эл аралык резерв көлөмү 2019-жылдын башынан 268,6 млн АКШ долларына же 12,5 пайызга көбөйүү менен 2019-жылдын 31-декабрына карата 2 424,1 млн АКШ долларын түзгөн, бул Улуттук банктын берген баасы боюнча товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр импортунун келечектеги көлөмүнүн 5,0 айын жабат.  

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында банк секторунда да жагымдуу жетишкендиктер болгон. Кредит портфели 14,5 пайызга 146,4 млрд сомго чейин көбөйгөн (2018 жылы – 127,9 млрд сом), банктагы депозиттер 13,4 пайызга 151,0 млрд сомго чейин өскөн (2018 жылы – 133,1 млрд сом), кредиттер боюнча чендер төмөндөө тенденциясына ээ болуп, улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган чен, 2018-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка төмөндөп, 2019-жылы 19,0 пайызды түзгөн, чет өлкө валютасында 0,1 пайыздык пунктка төмөндөө менен 9,6 пайызды түзгөн. 

Көчмө кассалар аркылуу өлкөнүн алыскы региондорунун жашоочуларын банктык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу боюнча пилоттук долбоор Жалал-Абад, Ош жана Нарын областтарында ишке киргизилген. Банктык кызмат көрсөтүүлөр 127 айылда сунушталып, 3 064 570 сом өлчөмүндө 212 282 адам акча каражаттарын алган. Төлөм картынан нак акча каражаттарын алуу боюнча региондордо коммерциялык банктар менен биргеликте «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын пилоттук долбоору ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө 321 POS-терминал 980ден ашык алыс жайгашкан айылдарды (калктуу конуштардын жарымы) тейлөөдө. 

Сөзүнүн сонунда Абдыгулов, Улуттук банк 2020-жылы Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгында аныкталган милдеттерди аткаруунун алкагында өз ишин уланта тургандыгын белгилеп кетти. 

 

 

Тэги: Нацбанк Толкунбек Абдыгулов Кыргызстан банковская система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу