Кыргызстанда микрокредиттердин насыя портфели дээрлик 60%га өстү

29.12.2021, 10:00 Акчабар
Кыргызстанда микрокредиттердин насыя портфели дээрлик 60%га өстү

2021-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКнын жалпы кредит портфели 27 млрд 612 млн сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.

Акыркы үч жылга салыштырмалуу өсүш дээрлик 60% түздү. Бул мезгил ичинде микрофинансы рыногунун катышуучуларынын саны 21%га көбөйүп, 2021-жылдын үчүнчү кварталынын акырына карата 439,8 миң субъектти түздү, анын ичинен 56 пайызы аялдар.

“2020-2021-жылдар мурунку мезгилдерге салыштырмалуу тобокелдикте портфелдин үлүшүнүн салыштырмалуу өсүшү менен мүнөздөлөт. Бул коронавирустук инфекциянын жайылышынын кесепеттери менен байланышкан”, - деп түшүндүрдү Улуттук банктан.

Микрокредиттердин жогорку үлүшү – 32% керектөөчүлүк максаттарга, 27% айыл чарбасына микрокредиттер, ал эми бардык берилген микрокредиттердин 21% соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келет. Микрофинансылык мекемелердин кредит портфелинин калган бөлүгү курулушка, өнөр жайга, ФКУга кредиттерге жана башка тармактарга туура келет.

2018-2021-жылдарга банктык эмес ФКУнун сандык курамында салыштырмалуу туруктуулук сакталган. 2018-2021-жылдарга микрофинансы секторунун негизги көрсөткүчтөрү туруктуу өсүш менен мүнөздөлөт, мында ишмердүүлүктүн негизги сапаттык көрсөткүчтөрү туруктуу сакталууда.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдан бери калктын микрокредиттик кызматтар менен камтылышы 13,79%га, 2021-жылдын II кварталында 5,8%дан 6,6%га өскөн.

Тэги: Микрокредиты Кыргызстан активы кредитный портфель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу