Күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди

25.12.2023, 15:00 Акчабар
Күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы негизги милдеттеринин бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну күч органдарынан талап кылды. Бул тууралуу ал УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди. 

Анын айтымында, карапайым калк үй-жайынан, мүлкүнөн ажырап, үстөк пайызы жогору насыяга акча берген күрөөканалардын кызматынан пайдаланышат.  

“Буга байланыштуу УКМК төрагасы Улуттук банкты өлкөдө ломбарддардын ишмердигинде лицензиялардын бар-жоктугун текшерүүгө чакырды, алардын пайыздык ставкасы 30%дан ашпоого тийиш. Эгерде күрөөканалардын ээлерине карата мыйзам бузуулар аныкталса, өлкө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. 

 

Тэги: күрөөкана Экономикалык ишмердүүлүк УКМК Камчыбек Ташиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу