“Дордой-Балыкчы” ЖЧКсы тарабынан ири мүйүздүү малды жана майда малды союу, этти алгачкы жана кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча долбоор аяктоо стадиясында турат жана быйыл ишке киргизилет, деп билдирди Американын Соода-өнөр жай палатасы. ⠀
Долбоорго ылайык, италиялык ROVANI TECHNOLOGY S.R.L компаниясы чыгарган бир нөөмөттө 100 баш мүйүздүү малды жана 1000 баш майда малды кабыл ала турган өндүрүштүк линия эл аралык сапат жана тамак-аш коопсуздугунун стандарттарына жооп берген продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууну камсыз кылат.
“Өндүрүш объектисинде ЕАЭБдин бардык ички стандарттарына жана тамак-аш жана санитардык коопсуздук боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген өзүнүн ветеринардык лабораториясы бар”, - деп билдирди Америкалык соода палатасы.
Кошумчаласак, “Дордой-Балыкчы” ЖЧКсы экономиканын ар кайсы тармактарындагы 80ден ашык ишканаларды бириктирген Америкалык соода палатасына мүчө болуп кирди.