Бир ай ичинде А-95 күйүүчү майга болгон баа 0,5 сомго арзандаган

20.04.2020, 17:30 Акчабар
Бир ай ичинде А-95 күйүүчү майга болгон баа 0,5 сомго арзандаган

Улуттук статистикалык комитет Бишкек шаарындагы ири базарлардагы күйүүчү-майлоочу материалдарга 1-апрелден 17-апрелге чейин мониторинг жүргүзгөн. 

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча А-95 маркасындагы күйүүчү майга болгон баа орточо эсеп менен 0,5 сомго төмөндөгөн. Март айында А-95 маркасындагы күйүүчү майга болгон баа - 43,06 сом болсо, 17-апрелге карата 71 тыйынга арзандап 42,35 сомду түзгөн. 

 Кыргызстан боюнча Токтогулда А-95 күйүүчү майга болгон төмөн баа (41,2 сом) катталган, ал эми эң жогорку баа - Баткен шаарында (45,9 сомго) катталган.  

 

Тэги: күйүүчү май баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу