«Куликовский» кондитердик цех айына 3 тоннага жакын таттуу чыгарат

06.09.2019, 09:13 Акчабар
«Куликовский» кондитердик цех айына 3 тоннага жакын таттуу чыгарат

Таттуу сүйүүчүлөрү үчүн жасалган торт, кекс, балмуздак, ж.б. таттуунун түрлөрү  кандай жол менен, кандай шартта  жасала тургандыгы тууралуу “Акчабардын” кабарчысы Кыргызстандагы атактуу кондитердик ишканга барып, экскурсия жүргүзүп келди.  

4 миң кв.м жерде 5 кондитердик цех жайгашкан. Ишканада жалпысынан 700гө жакын кызматкер иштейт.   Ар бир кызматкердин өзүнө тиешелүү жумуштары бар.  Бири камыр жууруса, бири бышырып, андан кийинкиси аны кооздоп, андан соң сыртын кооздоп ороого жөнөтүлөт. 

Чакан идиштеги таттуулар, десерттер, печеньелер атайын “Таттуу Европа” деп  аталган цехте жасалат. Бул жерде жаңы, заманбап мештер орнотулган. Мында мештин баасы 50 миң € чейин тураары айтылды. 

Заманбап жабдууларга карабастан, көз жоосун алган бардык торттор колго жасалат. Цехтин ичинде өзүнчө атайын жумуртканы тазалоочу дагы бөлмө бар. Мына ушундай кылдаттык менен иш алып барган кызматкерлер  айына 3 тоннага жакын продукция чыгарышат. 

Ал эми шоколадты сүйүүчүлөр сөзсүз түрдө ChocoLand бөлмөсүнө баш багуулары зарыл. Бул жерде момпосуйдун түрлөрү, тортко ылайыкталган кооздуктар, ар түрдүү формадагы шоколадтар даярдалат. Шоколадтын курамына кошулуучу азыктарды атайын Белгиядан алдырып келишет. Белгия – дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн сапаттуу шоколадтары менен белгилүү.

Буюртма аркылуу жасалуучу азыктар өзүнчө цехте даярдалат. Бул жерде чыгармачыл кондитерлер иштешет. Кардарларды сүйүнткөн кондитерлер  буюртмага ылайыкталган таттуулардын формаларын, жазууларын, кооздуктарын кол менен жасап чыгышат. 

Бардык таттуулардын натуралдык азыктар менен жасалаары жана кызматкерлердин гигиеналык тазалыкты толугу менен сактаары таттуу дүйнөсүнө болгон саякаттоо учурунда көрүүгө болот. 
 

“Куликовскийдин” таттулары бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда дагы атактуу. Бүгүнкү күндө компания 200гө жакын таттуунун түрлөрүн чыгарышат. Учурда 5 соода түйүнү бар. 

 

Тэги: Куликовский десерты торговый дом торты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу