"Кумтөр Голд Компани" ишканасы Ысык-Көл облусунун Түп районунун жабыр тарткан айылдарына материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган ишкана Кең-Суу жана Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарына 1 млн сом бөлөт.
Кошумчалай кетсек, 27-августта Түп районунун беш айылындагы турак-жайларды, чарбалык курулуштарды, эгин талааларды жана жолдорду сел алып кеткен.