Социалдык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында “Кумтөр Голд Компани” ЖАК тарабынан 600 тонна көмүр алынып, Нарын облусунда жашаган социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.
Алсак, Нарын шаарынын, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондоруна 100 тоннадан көмүр таратылды.
Буга чейин быйылкы жылдын январь айында Ысык-Көл облусунда жашаган социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 700 тонна көмүр таратылган.