Кыргыз алтынын сатып алуучулардын арасында жаңы өлкөлөр пайда болду

27.12.2021, 13:58 Акчабар
Кыргыз алтынын сатып алуучулардын арасында жаңы өлкөлөр пайда болду

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстан 5 тонна гана алтын экспорттогон. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалуу металлды реалдуу салмакта чет өлкөгө жеткирүү үч эседен көбүрөөк кыскарган.

Экспорттун азайышы Улуу Британияга жеткирүүлөрдүн азайышына байланыштуу. Эгерде 2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан Бириккен Королдугуна 15,4 тонна алтын жөнөтсө, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 4 тоннадан бир аз гана ашты. Ошондой эле өлкө Түркияга аз өлчөмдөгү баалуу металлды (4,5 килограмм) жөнөткөн.

Муну менен бирге эле учурда кыргыз алтынын импорттоочулардын арасында жаңы өлкөлөр пайда болду. Алсак, сатып алуучулардын арасында Орусия, Италия жана Швейцария бар. Ошого карабастан Улуу Британия дагы эле алдыңкы позицияны ээлейт.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын январь-октябрь айларында алтындын экспорту 2020-жылга карата 274 млн 699,8 миң долларды түзүп, 67,9% аз деп бааланууда. Ошол эле учурда 2020-жылга карата Кыргызстан Түркияга жеткирүү 8,5 эсеге жогорулаткан.

 

Тэги: кыргыз алтын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу