Быйыл январь-апрель айларында кыргыз балын эң көп Кытай сатып алган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай 116,6 миң долларга 48 тонна кыргыз балын сатып алган.
Андан кийинки орунда Америка Кошмо Штаттарына 91,6 миң долларга 17,6 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына 49,2 миң долларга 17,2 тонна жана Сауд Аравиясына 33,5 миң долларга 16,7 тонна бал экспорттолгон.