Кыргыз-герман кызматташтыгынын приоритеттүү багыттары талкууланды

20.04.2022, 11:50 Акчабар
Кыргыз-герман кызматташтыгынын приоритеттүү багыттары талкууланды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык байланышты, анын ичинде тиешелүү комитеттер жана достук топтору аркылуу кеңейтүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, сөз эркиндиги, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү, долбоордук иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу, инвестициялык саясатты ишке ашыруу, кризиске каршы чараларды көрүү ж.б.у.с маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-герман кызматташтыгы бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Ал кыскача ички саясий кырдаал жана өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.

“Күн тартибинде терең реформаларды талап кылган көп тармактар бар - булар социалдык чөйрө, экономика. Азыр анализ жүргүзүлүп, тиешелүү мыйзамдар иштелип жатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы биз үчүн маанилүү жана биз өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна ишенебиз”, - деди парламентарий.

Өз кезегинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, кызматташтыктын негизги багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

 

Тэги: кыргыз-герман Чыңгыз Айдарбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу