Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы эң чоң сүт заводдорунун бири болуп саналган «Кант-Сүт» заводуна насыя берет. Бул тууралуу Фонддун расмий сайтында айтылат.
Насыяны «Кант-Сүт» жүгүртүмдөгү каражаттарды толуктоого жумшай тургандыгы, тагыраак айтканда фермерлерлерден сүт алып, аны заводдон иштетүүгө сарптай тургандыгы айтылууда.
Фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев кол кою аземинде сүйлөп жатып, «Кант-Сүт» өлкөнүн сүт өнөр жайындагы алдыңкы орундардын бирин ээлей тургандыгын белгиледи.
«Мындай масштабдагы долбоорду колдоо жалпы тармактын өнүгүшүнө салым кошот. Биз ишканага жаңы ийгиликтерди жана өркүндөп өсүүнү каалайбыз»,-деди ал.
«Кант-Сүт» ишканасы 1998-жылдын октябрында Фрунзе шаарынын сүт заводунун райондор аралык сепаратордук цехинин базасында негизделген. Ишкана «Белая Река» соода маркасы менен сүт продукциясын иштетип, экспорттойт. 2011-жылы «Кант-Сүт» Бажы биримдигинин талаптар боюна инспекциясы тарабынан тастыкталган.