«Кыргыз Петролеум Компани» өз ишмердүүлүгүнүн тарыхындагы рекорддук көрсөткүчкө жетишти

19.12.2021, 13:57 Акчабар
«Кыргыз Петролеум Компани» өз ишмердүүлүгүнүн тарыхындагы рекорддук көрсөткүчкө жетишти

"Кыргыз Петролеум Компаниясы" 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, ушул жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Садыр Жапаров 18-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында айтылды.

Учурда заводду долбоорлоо, модернизациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны чыгарууга өтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чараларды көрүп жатат.

"Модернизациялоонун натыйжасында заводдун продукциясынын ассортименти бир кыйла кеңейет. Бул мунай өнүмдөрүнүн сегментинде жаңы рыноктордун өнүгүшүн камсыз кылат жана ТРТСтин Евро-4 жана Евро-5 ченемдик талаптарына жооп берет", - дешти компаниядагылар.

Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө "Кыргыз Петролеум Компани" ААКка 100 пайыз ээлик кылган "Кыргызнефтегаз" ЖАК дагы жетишкен. Компаниянын ушул жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 млрд сомго же 4,5 эсеге өстү. Мунай өндүрүү 1,2 эсеге өсүп, 173 миң тоннага жетти. 

"2021-жылы салыктык чегерүү 1,4 млрд сомду түздү. Быйыл кайра иштетүү көлөмү 165 миң тоннаны  түзүп, 1,3 эсеге өстү", - деп билдиришти. "Кыргызнефтегаздан". 

Тэги: Кыргызнефтегаз Кыргыз Петролиум Компани нефтепереработка прибыль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу