Кыргыз-тажик чек арасынын 28,37 чакырымы макулдашылды

01.04.2024, 09:15 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасынын 28,37 чакырымы макулдашылды

24-марттан 29-мартка чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашып, тиешелүү протоколго кол коюлду. 

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.

Тэги: кыргыз-тажик кыргыз-тажик чек арасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу