«Кыргызфармация» ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

23.06.2023, 11:03 Акчабар
«Кыргызфармация» ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 млрд. сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө ал толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, каражат Министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүндү. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуу каралууда.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Анда ал "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына тийиштүү каражатты бөлүүнү тапшырган. 

 

Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу