«Кыргызпатент» авторлор арасында 7,4 млн сомго гонорар бөлүштүрдү

04.08.2021, 09:45 Акчабар
«Кыргызпатент» авторлор арасында 7,4 млн сомго гонорар бөлүштүрдү

Ушул жылдын апрель айынан тарта Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик ("Кыргызпатент") 2020-жылга карата автордук сыйлыктарды бөлүштүрүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

"ГИПЕРГРАФ" автоматташтырылган программасы 784 авторго, аткаруучуга, автордук укуктун ээлерине жалпы суммасы 7,4 миллион сом болгон гонорарды бөлүштүрүп берген.

"Чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфиринде колдонулган айрым авторлордун жана аткаруучулардын контакттык маалыматтары жок болгондуктан, аларга төлөнүүчү гонорар бөлүштүрүлбөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

Гонорар ала турчулар өзүн агенттиктин сайтындагы тизмеден таба алышат.

 

Тэги: прибыль гонорар Кыргызпатент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу