Кыргызстанда 1 млндон ашык адам жумушсуз отурат

30.04.2020, 13:30 Акчабар
Кыргызстанда 1 млндон ашык адам жумушсуз отурат

Кыргызстанда 1 млндон ашык адам жумушсуз отурат. Бул тууралуу 30-апрелде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди. 
 

Өкмөт башчынын айтымында, парламент бизнеске салыктарды жана насыяларды кийинкиге калтыруу боюнча кризиске каршы планынын биринчи баскычын колдоду.

Экинчи этапта арзан жана узак мөөнөттүү каражат булактарын камсыз кылат.
 

«Мен бул аз деп ойлойм. 1 млндон ашык жаран жумушсуз отурат. Эми бизнестин кээ бирөөсү жабылып, кээ бирөөсү ачылат. Мунун баарын анализдеп жатабыз. Апрель айында экономика токтоду. Ошон үчүн толук анализди биз май айында беребиз. Ошон үчүн дагы күтө тургула», - деп билдирди өкмөт башчы. 

Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев массалык-маалымат каражаттарына 14 млрд сомго жакын каражат табылганын билдирген. 

Тэги: Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу