ЕАЭБдеги өнөктөштөргө каршы чектөөлөрдү жана санкцияларды киргизүү пландалып жатканына байланыштуу Кыргызстан антикризистик план иштеп чыга баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, баары улуттук валютанын долларга, рублга жана теңгеге карата кескин туруксуздугуна күбө болушту. Ал кечээ бул маселе боюнча казакстандык жана россиялык кесиптештери менен сүйлөшүп, экономиканы колдоо аракеттери боюнча талкуулаган.
"Бул өлкөлөр да улуттук валютаны жана улуттук экономиканы колдоо боюнча шашылыш планды кабыл алышат", - деди ал.