2021 -жылдын биринчи жарымынын аягында Евразия экономикалык биримдигинин экономикасы прогрессивдүү өсүштү көрсөтүүдө. Алсак, ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 620 миллиард долларды түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4% га өстү. Бул тууралуу ЕЭКтен маалым болду.
Өндүрүштүн көлөмү 402 миллиард долларды түзүп, 6,5%га өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Беларуста - 10,4%га, Орусияда - 4,4%га, Арменияда - 2,1%га, Казакстанда - 1,5%га белгиленген. Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6% га төмөндөгөн.
Салыштыруу үчүн, Европа биримдигинде 2021-жылдын январь-май айларында өнөр жай өндүрүшү 0,5% га көбөйгөн, ал эми Кытайда биринчи жарым жылдыкта өсүш 15,9% түзгөн.