Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча дүйнөдө 115-орунда

29.01.2024, 13:00 Акчабар
Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча дүйнөдө 115-орунда

Дүйнөдө Кыргызcтан экономикалык эркиндик боюнча 115-орунда турат, өлкө негизинен экономикалык жактан эркин эмес. Бул тууралуу “Index of Economic Freedom 2023” (Heritage Foundation) баяндамасында айтылат. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2022-жылдагыдай эле өз позициясын сактап 2023-жылы да 55,8 баллга ээ болду. 

Ошондой эле, Кыргызстан Азия-Тынч океан регионундагы 39 өлкөнүн (изилдөөгө алынган) ичинен 25-орунда жана анын жалпы баллы дүйнөлүк, аймактык орточо көрсөткүчтөн төмөн.

“Кыргызстандын базар экономикага өтүүсү дагы эле уланууда. Реформа боюнча чаралар ишке ашырылып жаткандыгына карабастан, жалпысынан бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жай жана тең салмактуу эмес. Ачык рынокторду колдоо жаатындагы зарыл чаралар жетишсиз жана коррупция мыйзамдын үстөмдүгүнө шек келтирүүдө”, - деп айтылат баяндамада. 

Изилдөөдө дүйнө жүзү боюнча экономикалык эркиндик начарлап баратканы айтылат. Анда жалпысынан дүйнөлүк экономика "негизинен эркин эмес" болуп калды. 

“Тилекке каршы, экономикалык эркиндик боюнча дүйнөлүк орточо көрсөткүч өткөн жылдагы 60,0дон 59,3кө чейин төмөндөдү, бул акыркы жыйырма жылдагы эң төмөнкү деңгээл”, - деп айтылат маалыматта. 

Баяндамада Сингапур дүйнөдөгү эң эркин экономика катары позицияны ээлеп, экинчи орунда Швейцария жана Ирландия (3), Тайван (4) жана Жаңы Зеландия (5) ээледи. 

Ал эми Түндүк Корея, Куба, Венесуэла, Судан жана Зимбабве дүйнөдө экономикалык жактан эң аз эркин болгон мамлекеттер бойдон калууда.

Белгилеп кетсек, изилдөөдө дүйнө жүзүндөгү 175 өлкөнүн экономикасы талдоого алынган. 

Тэги: экономикалык эркиндик инвестиция Экономикалык ишмердүүлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу