Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-ноябрында Вильнюс шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамына кол койду.
Эки тараптын макулдашуусу 2018 – жылдын 21 – ноябрында Вильнюс шаарында кол коюлган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабюынан ушул жылдын 12-сентябрында кол коюлган.
«Макулдашууда анык дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу каралган», — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Мыйзам ушул жылдын 2-ноябрынан тарта күчүнө кирет.