Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Түркия Республикасына 90 күндөн ашпаган мөөнөткө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын ар бир жаранын коштогон эки адам үчүн жашап турууга уруксатты акысыз ала алышат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ошондой эле Кошумча протоколдо шарттардын тизмеси камтылган, аларга ылайык ар бир тараптын дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалган кызмат адамдары иштөөгө уруксат алуу зарылдыгынан бошотулушат.