Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча жети позицияга көтөрүлдү

06.08.2020, 13:09 Акчабар
Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча жети позицияга көтөрүлдү

Кыргызстанда бир айда мобилдик интернеттин ылдамдыгы өстү. Тактап айтканда, 138-орундан 97-орунга чыкты. Мындай жыйынтык Speedtest Global Index аркылуу алынды.

Мындан тышкары, республика кең тилкелүү Интернеттин ылдамдыгы боюнча өз позициясын жакшыртты (+4 балл) жана 71-орунда турат. Жалпысынан рейтингде дүйнөнүн 174 өлкөсү боюнча маалыматтар келтирилген.

Бирок дагы деле Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигиндеги дээрлик бардык өнөктөштөрдөн интернеттин ылдамдыгында төмөн бойдон калууда. Интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан Орусиядан (45-орун), Беларуссиядан (57-орун), Казакстандан (65-орун) артта калып, Арменияны (99-орунда) озуп кетти. Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча маалыматтар башкача: Армения 56-орунда, Орусия  91-орунда, Казакстан 95-орунда, ал эми Беларусь 121-орунда турат.

Тэги: Кыргызстанда интернет интернет ылдамдыгы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу