Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгы азайышы мүмкүн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык отчетунда айтылат.
Бюджеттик мыйзамга ылайык, Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин тартыштыгы жакынкы үч жылда кыскарат. 2021-жылы көрсөткүч ИДПга карата 1,4%, 2022-жылы ИДПга карата 0,9%, 2023-жылы ИДПга карата 0,7% түзөт деп пландаштырылууда.
Эске салсак, Экономика жана каржы министрлиги ИДПнын өсүшү 2021-жылы 5% деңгээлинде болорун болжолдогон. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, бул көрсөткүчтү тейлөө чөйрөсүндө 5,1% га, курулушта - 9,8% га, айыл чарбасында - 3% га жана өнөр жайда - 3,3% га өсүшүнүн эсебинен жетишилет.