Кечээ, 29-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Жолугушууда Казакпаев казак тараптан өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, коронавирустун кесепеттерин жоюу үчүн Казакпаев Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин муктаждыктары үчүн дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн да карап көрүүнү суранды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий-соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, логистика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.