Кыргызстан менен Кытай архивдик документтерди санариптештирет

27.12.2023, 16:57 Акчабар
Кыргызстан менен Кытай архивдик документтерди санариптештирет

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана "Жибек жолу" өнөр жай интернетин илгерилетүү борборунун башкы директору Ян Юн Шанкай санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Меморандум Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу маселелери боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга, өнүктүрүүгө жана өнөр жайлык интернет-технологиялар жана соода-экономикалык кызматташтык жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган.

"Биз бирге бир нече стратегиялык багыттарга токтолобуз. Биринчиси – маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун курууну активдүү колдоо аркылуу санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, экинчи багыт - архивдик документтерди санариптештирүү, үчүнчүсү микросхемаларды чыгаруучу заводду куруу. Бул долбоорлор-алдыңкы технологияларды көрсөтүү гана эмес, мамлекеттик башкарууда санариптик трансформацияны практикалык ишке ашыруу", - деди Алмаз Исанов. 

 

Тэги: Кытай архивдик документ санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу