Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсү 2,5 млрд долларга жетти

25.02.2022, 12:54 Акчабар
Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсү 2,5 млрд долларга жетти

Казакстандын Нур-Султан шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуп, анда  эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, март айында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.

“Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулат. Кыргызстан да Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берет. Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири”, - деди ал. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсү боюнча маселени көтөрдү.

Михаил Мишустин белгилегендей, Россия элдердин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук мамилеге негизделген Кыргызстан менен түзүлгөн стратегиялык мамилелерди баалайт. 

"Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2,5 млрд долларга жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө", - деди ал. 

Михаил Мишустин белгилегендей, өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу