Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы инвестициялык кызматташуу талкууланды

23.02.2022, 16:47 Акчабар
Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы инвестициялык кызматташуу талкууланды

Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын «Ajlan and Brothers» холдингдер тобунун вице-президенти Хишам Мохаммед Аль-Шариф менен жолугуп, тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Ajlan and Brothers» тобунун вице-президенти узак мөөнөттүү инвестициялоо үчүн Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагын жана энергетика өнөр жайын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Элчи Кыргызстандын президенти жана министрлер кабинетинин жетекчилиги тарабынан жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү, ошондой эле ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында  24-27-февралда Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форуму жана жарманке көргөзмөсү өткөрүлүшүн эске алып, Марипов «Ajlan and Brothers» компаниясын жана анын тобун бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу