Дубайда 29-эл аралык Arabian Travel Market туристтик көргөзмөсү өтүүдө. ATM – бул дүйнөлүк саякат тенденциялары жаралып, талкууланып, көп миллиард долларлык келишимдер түзүлүп, эс алуу менен бизнести гармониялуу айкалыштырылган платформа.
Көргөзмөгө Кыргызстандын атынан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулган улуттук павильон катышууда. Көргөзмөдө Кыргызстандын он туристтик компаниясы өлкөдөгү эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.
Кошумчалай кетсек, “ATM-2024” катышуу Кыргызстанга Борбордук Азиядагы эс алууга кызыккан жаңы саякатчыларды тартууга мүмкүндүк берет.