Кыргызстан абанын сапатын жакшыртууга 50 млн доллар жумшайт

12.03.2024, 17:27 Акчабар
Кыргызстан абанын сапатын жакшыртууга 50 млн доллар жумшайт

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети “Бишкек шаарында 2023-жылдын 12-декабрында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору борбордо жана өлкөнүн башка шаарларында абанын булганышына каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган.

Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулованын айтымында, макулдашуунун негизги максаты - абанын сапатын жакшыртуу, турак жайларды таза жылытуу жана шаар аймактарын жашылдандыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.

Долбоордун жалпы баасы 50 млн долларды түзүп, ал инфраструктураны модернизациялоого жана абанын сапатын көзөмөлдөө системасын бекемдөөгө жумшалат. Ошондой эле, абанын булганышы боюнча маалыматтарды талдоо, болжолдоо жана башкаруу, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн аналитикалык инструменттерди иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Тэги: новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу