Кыргыз өкмөтү 50 миллион долларлык грантка документтерди убагында тариздей алган жок

29.04.2021, 10:40 Акчабар
Кыргыз өкмөтү 50 миллион долларлык грантка документтерди убагында тариздей алган жок

Парламенттик отурумдун жүрүшүндө Агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков өкмөт БУУнун 50 миллион доллар өлчөмүндөгү грантынан баш тартып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстанга 2020-жылы грант түрүндө жардам көрсөтүүнү чечкен. 

"Өкмөт бул маселелерди жактырган катты уюмга жөнөтүшү керек. Бирок өкмөт өтө кечигип жатат, келишимге кол коюунун акыркы мөөнөтү 30-апрель. Өткөн жумада мен азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Аднан Куреши менен жолуктум. Ал үч айдан бери үч министрликтин босогосун каккылап жаткандыгын айтты. Эки күн калды, чечим кабыл албасак, грант башка мамлекетке кетет. Бул чоң акча, эгерде биз аны албасак, анда биз уят болобуз. Өкмөт тез арада маселени чечиши керек. Эгерде министрлер чече албаса, анда премьер-министрди чакырып, жардам берели", - деди Алимбеков.

Парламентарий буга чейин мындай гранттарды Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан алгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан 2021-жылы донорлордон 7,5 миллион доллар алары айтылган.

Тэги: грант деньги ООН

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу