Кыргызстан ички карыздын 250 млн сомун төлөдү

01.09.2021, 09:19 Акчабар
Кыргызстан ички карыздын 250 млн сомун төлөдү

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 27-августка карата республиканын мамлекеттик карызы мамлекеттик казына облигациялары аркылуу 58 миллиард 771 миллион 663,1 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Мурдагы күнгө салыштырмалуу 26-августта сумма 250 миллион сомго азайган. Бул мамлекеттин үч жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелеринин суммасын төлөнгөндүгүнө байланыштуу болгон.

Мындан тышкары, мамлекеттин векселдери аркылуу өлкөнүн кредиттеринде өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, 23-августта мамлекет 12 айлык баалуу кагаздар үчүн кошумча 60 миллион сом карыз алган.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик векселдер жана облигациялар аркылуу Кыргызстандын жалпы ички карызы 59 миллиард 177 миллион 572,1 миң сомду түзөт.

 

 

Тэги: госдолг внутренний долг деньги экономика Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу