Кыргызстан ТТМКК өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиялары боюнча кызматташтыкты күчөтөт

16.10.2019, 10:40 Акчабар
Кыргызстан ТТМКК өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиялары боюнча кызматташтыкты күчөтөт

«Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштайм», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жатканын баса белгилеп, азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү багыт катары Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы боордош мамилелерди бекемдөөнү атап, бул келечекте Уюмдун туруктуу өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Тэги: ССТГ IT-технологии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу