Ушул жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө сүт өндүрүү көбөйдү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Жалпысынан 25 миллион 87,7 миң тонна өндүрүлгөн. Анын ичинен:
Муну менен Россия эң ири өндүрүүчү болуп, рыноктун 66%ын, ал эми Кыргызстан 3,3%ын гана ээледи.
Эске салсак, жакында Кыргызстанда бул тармакка олуттуу көңүл бурула баштаган. Өлкөдө сүт тармагын өнүктүрүү үчүн Финансы-кредит фонду жеңилдетилген насыяларды берип жатат. 1-августка карата 366 ишкер 132,3 миллион сомго каржыланган.