Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 56-жылдык жыйынына катышууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен артыкчылыктуу кызматташуу маселелери каралууда.
“Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкы менен 27 млн. долларга Кыргызстандын республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасын жакшыртуу долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жыйында Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда МЖӨ боюнча экинчи эл аралык конференция өткөрүлөрү пландалууда.
АӨБнын жылдык жыйыны - жаңы бизнес байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана банктын жакынкы келечектеги стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо үчүн аянтча.