Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жаңы соода схемасынын алкагында (DCTS) Кыргызстан Улуу Британияга арзандатылган же нөлгө түшүрүлгөн тарифтер жана жөнөкөйлөтүлгөн шарттар менен 8000ден ашык товарды экспорттой алат. Бул схема 19-июнунда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Жаңы схеманын күчүнө кириши менен Кыргызстандын экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анткени кыргыз экспортунун дээрлик бардыгы Улуу Британияга алымсыз же жеңилдетилген жол менен кирүүгө укуктуу.
Британ статистикасынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 2022-жылы 54 млн. доллалды түзгөн.